Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.07.2018 11:13

Ак-Сууда жайлоодогу балдардын коопсуздугу талкууланды (фото)

Turmush -  Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 25-июлда Кызыл-Кыя жайлоосунда болуп, балдардын коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алар «Алтын балалык» жайлоо лагерине барышып, балдар, тарбиячылар жана малчылар менен жолугушту.

РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү Албина Ибраеванын билдирүүсүндө, учурда бул мекемеде өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту токтотуу жана балдардын коопсуздугун сактоо боюнча активдүү иш-аракеттер жүрүүдө.

«Учурда жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Аларга кокустукка кабылып, өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келбей тургандай сак болуу керектигин түшүндүрдүк. Азыр тарбиячылар, ата-энелер жана мугалимдер да ар бир бала менен индивидуалдуу иштөөсү зарыл», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×