Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 26.07.2018 10:30

Теплоключенка айылында өткөн талаа күнүндө буудайдын жаңы сорту сунушталды (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында 25-июлда дыйкандар үчүн талаа күнү өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мамлекеттик сорт сыноо станциясы тарабынан уюштурулган семинарга район акими Улан Дөкөнбаев, облустагы айыл өкмөт башчылары, дыйкан-фермерлер, үрөнчүлүк чарба өкүлдөрү катышты. Семинардын жүрүшүндө сапаттуу үрөндөрдү өстүрүү жолдору айтылды жана жер семирткичтер, зыянкечтерден коргонуу чаралары туурасында маалымат берилди.

Ак-Суу райондук сорт сыноо станциясынын директору Акылбек Касмалиевдин айтымында, облустун дыйкандарына буудайдын жаңы үрөнү сунушталууда.

«Мында жылдагыга караганда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү көбөйдү. Маселен, алар дыйкандарга өткөн жылы картошканын 42 сортун сыноодон өткөрсө, быйыл 62 сорт сыналууда. Себеби, биз географиябызды кеңейтип, ар кайсы мамлекет менен алака түзүп жатабыз. Азыр бизде күздүк буудайдын эле 62 сорту, жаздык буудайдын 43 сорту бар. «Безостая-1» сортундагы күздүк буудай 1961-жылы өлкөбүздө өндүрүшкө кирген. Ошондон бери биздин дыйкандар арасында кеңири колдонулуп келген. Бирок кийин «Москва-39» үрөнү андан кем калбаганын далилдеп келүүдө. Ал сугат жана кайрак жерде дагы мол түшүм берип, андан алынган ун да жакшы болууда. Мындан улам биз дыйкандарга ушул сортту сунуш кылып жатабыз», - деди А.Касмалиев.

Ал жылдан жылга малдын саны көбөйүп жаткандыктан жаңы тоюттун сортторун сунуштап жатканын айтат. Бул мекеме үрөн сыноодон сырткары облустагы биринчи категориядагы үрөн чарбасы болуп эсептелет. Ал быйылкы буудай, тритикале, картошканын үрөнүн дыйкандарга сатып, жакшы сорттор талааларда түшүмүн берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×