Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Ысык-Көл облусуТүп району 25.07.2018 14:32

Түптө балдардын эс алуу борборунда шахмат боюнча эл аралык турнир башталды (фото)

Turmush -  Түп районундагы балдардын «Маяк» эс алуу борборунда 24-июлда Каракол шаарынын ардактуу атуулу, айыл чарба тармагында үзүрлүү эмгектенген маркум Дүпөн Дербишевдин жаркын элесине арналган шахмат боюнча турнир башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркумдун уулу Казакбай Дербишевдин айтымында, турнир салттуу түрдө алтынчы жыл катары менен өтүүдө жана ал бир жумага созулат. Аны Казакбай Дербишев карындашы жана балдары менен уюштурууда.

«Атам 1940-жылы Тоң районунун Кара-Коо айылында төрөлүп, орто билим алган соң, жогорку билимге ээ болгон. Бир нече жыл айыл чарба жана билим берүү тармактарында эмгектенген. 25 жыл облустагы «Дан-азыктар» комбинатында иштеп, 2003-жылы каза болгон. Атам эл үчүн көп эмгек жумшаган», - дейт Казакбай Дербишев.

Маалым болгондой, бул жылы турнирге 240 оюнчу катышууда. Алардын эң кенжеси 6 жашта. Мелдеште байге фонду түзүлүп, аны менен катар сүрөттүү медалдар жана дипломдор даярдалган.

Дүйнөлүк шахмат федерациясынын эл аралык деңгээлдеги калысы Азамат Токтокожоев бул жолу көбүнчө балдар катышып жатканын айтып, бул иш-чара Кыргызстандагы шахмат оюнун өнүктүрүүгө түрткү болорун белгиледи.

«Мелдешке Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан спортчулар келишти. Мелдеш Ысык-Көл шахмат федерациясынын ишин жандантып, чет мамлекеттик спортчулар менен күч сынашып, тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Кыргызстанда шахмат спорту жылдан жылга өнүгүүдө. Биздин спортчулардын арасынан Азия чемпиондору чыгып, балдарына шахмат үйрөтөбүз деген ата-энелер көбөйүп жатат», - деди Азамат Токтокожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×