Бөлүмдөр
Ишемби, 20-октябрь
Баткен облусуБаткен району 25.07.2018 10:09 На русском

Элдик уламыш: Баткендеги Кийик-Мазарга кайберендер келип, аскадан боюн таштачу (видео)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылын курчаган тоолор купуя сырларга бай. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.

Алардын бири Касиет Айтпаеванын айтымында, Алтын-Бешик, Арча-Мазар, Суур-Уя, Эрмондой, Ак-Сай, Кара-Таз, Чирикти, Кийик-Мазар тоолорунда 30 жылдан бери тиричилик кылып келе жатат. Ар бир тоо аталышына жараша өзгөчөлүктөргө ээ.

«Келген туристтер биз отурукташкан аймак деңиз деңгээлинен 3500 метр бийиктикте турарын айтышкан. Бул жер Суур-Уя, бизден өйдөдө турган тоо Кийик-Мазар деп аталат. Кийик-Мазардагы чоң кемерге кийиктер өлөр алдында келип, өздөрүн зоодон таштачу экен. Ал жерде азыр да кийиктердин мүйүздөрү бар.

Эрмондой жылгасы да бар. Ал жерде Эрмондой деген баатырдын сөөгү коюлган деген кеп айтылат. Арча-Мазар тоосу Суур-Уянын күн батыш тарабында орун алган. Ал жакта арчалар аябагандай көп. Арасында 500 жылды карыткандары бар. Аны ыйык жер деп коюшат. Анткени кайсы бир пайгамбар ушул арчаларга коргонуп, душмандардан сактанган экен. Түндүк тарапта аска-зоонун ары жагында көл бар. Өтө тунук, муздак, айланасында дайым мөңгү, кар кетпей турат. Ошонун жанындагы тоодо Алтын-Бешик деп аталган таш бар. Ага жакындаганда шуулдаган үн чыгып турат. Мен да бир жолу мал издеп барганда шуулдаган үнүн угуп, жакындабай кайткам. Мурда ата-бабаларыбыз балалуу болбой калса Бешик-Ташка барып, зыярат кылып келишчү экен. Аталарыбыз «баласыздар балалуу болуп кетишкен» деп айтып калышат», - деди ал.

Жайлоолоп жүргөн Уулжан Камбарованын айтымында, бул тоолордо дары чөптүн 10го жакын түрү кездешет. Тоолорунан мөңгү үзүлбөйт. Бирок быйыл мөңгү эрте ээрип, суусу аз.

«50 жылдан бери бул Суур-Уяга мал айдап, жай, күз мезгилдеринде жашап кетебиз. Мен кичинекей кезимде атам боз үйлөрдү төөгө артып келчү. Азыркыдай унаа жүрчү эмес. Ошондо биз Суу-Башыдан бурулганда эле суурлардын уясынан баш көтөрүп турганын көп көрчүбүз. Ошондон улам Суур-Уя деп айтылса керек. Ал убакта чынында суурлар көп болчу. Бирок азыр жокко эсе. Эл дарылыкка деп суурду көп атып жок кылышты.

Суу-Башыда чынар терек бар. Ал теректин астында булак бар. Ал булак Кара-Булак айылынын элин суу менен камсыз кылып турат. Мурда булакка зыярат кылып келгендер ырым кылып, алтын, күмүш шакектерин, тыйындарды таштап койчу экен. Азыр да суунун түбүн карасаң тыйындар жатат. Кээде булактан чыккан суу кызыл болуп калат. Бул учурда айылдагы эл чогулуп, мал союп түлөө кылышат. Суу кайдан келгени азыркыга чейин белгисиз. Ал эми чынар теректи кайсы бир кылымда бир олуя чал калтырып кеткен таягы болгон дешет. Таягы дарак болуп өсүп чыгып, кийин чынар терек болгону айтылат. Тоолордо дары чөптүн 10дон ашуун түрү бар. Атайын изилдөөчүлөр келип көрүп кетишкен», - деди Камбарова.

Аталган тоолор Кара-Булак айылынын түндүгүндө болсо, чыгыш тарабында Айгүл-Тоо, батыш тарабында Козулан-Тоо жайгашкан. Алар жөнүндөгү уламыштар элде кеңири тараган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×