Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 24.07.2018 10:12

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен жаран экс-вице-премьердин кеңешчиси экендиги аныкталды

Turmush -  Ысык-Көлдүн тескей жээгинде көлгө чөгүп кеткен жактоочуну издөө иштери уланууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, учурда издөө иштеринен жыйынтык чыга элек. 24-июлда эртең менен суучулдардын тобу издөө иштерин улантып башташты.

Маалым болгондой, сууга чөгүп кеткен жаран 41 жаштагы Александр Стручалин экендиги аныкталды. Ал юридикалык кызматта юрист болуп иштечү. 2016-жылы вице-премьер-министр Олег Панкратовдун коомдук башталыштагы кеңешчиси, Каракол шаарынын ишкерлер бирикмесинин төрагасы болгон. Ошондой эле, Каракол шаарында «Ишкерлердин укуктарын коргоо» коомдук бирикмесин жетектеп келген.

Буга чейин Ысык-Көлдө кызга жардам берүү үчүн бараткан жактоочу сууга чөгүп кеткендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×