Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ысык-Көл облусу 23.07.2018 13:01 Жаңыланды: 23.07.2018 13:35 На русском

Видео — Өкмөт баш тарткан Ысык-Көлдү айланган экологиялык таза автожолду жаңылоо долбоорунун тарыхы

Turmush -  Ысык-Көлдү айланган экологиялык таза автожолду жаңылоо долбоорун ишке ашырууну каржылоо маселеси 2009-жылы Россиянын Екатеринбург шаарында өткөн ШКУ саммитинин алкагында көтөрүлгөн.

Бул саммитте Кытай Эл Республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао КЭР өкмөтү ШКУга мүчө-өлкөлөр үчүн жеңилдетилген каражат бөлүү ниети тууралуу билдирген.

Андан кийин Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги Кыргызстандын өкмөтүнө Ысык-Көлдөгү айланма жолду реабилитациялоо үчүн Кытайдан каражат алуу өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми Кытай тарап Кыргызстандын сунушун кароого макулдук берип, бирок Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылдын март айында «Эксимбанк» банкынан билдирүүнү каттатуудан баш тартышкан.

China Road And Bridge Corporation компаниясы Ысык-Көлдү айланган экологиялык таза автожолду жаңылоонун деталдуу долбоорун иштеп чыккан болчу.

China Road And Bridge команиясынын билдирүүсү:

Кыргызстан — жаратылышынын кооздугу менен атагы чыккан туристтик аймак. Талаалары, кардуу тоолору жана көлдөрү өлкөнүн ар бир коногун суктандырбайт койбойт. Кыргыз эли меймандостугу, байыркы тарыхы жана бай улуттук маданияты менен белгилүү.

Ысык-Көл — дүйнөдөгү эң ири тоолуу көлдөрдүн бири жана өзүнүн ажайып табияты менен атагы чыккан. Туризмди жана аймактын экономикасын мындан ары өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жакшыртып, биринчи кезекте сапаттуу жолдорду курууга көңүл бөлүш керек. Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруучу «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» Кытай корпорациясы өзүнүн эсебинен Ысык-Көлдү айланган автожолду жаңылоо ыктымалдыгы боюнча видеоролик даярдады. Долбоордун прогрессивдүү концепциясы магистралды калыбына келтирүүдө мыкты жыйынтыкка жетүүгө негиз болуп берет.

Негизги бөлүктөрдө асфальт, бетон төшөлгөн 4 тилкелүү жол салынат. Көл тараптан велосипед жүргөнгө жол кошулат. Магистралдын эки тарабына тең ар бир 40 метр сайын күн батереясы менен иштеген көчө шамдары коюлат. Тутум күн бүркөк учурда дагы көчө шамдарына 15 күн өчпөй иштеп турууга мүмкүнчүлүк берип, энергияны үнөмдөп жана жаратылышты коргоочу мүмкүнчүлүк берет.

Чайна Роуд энд Бридж Корпорейш

Чолпон-Ата менен өткөн жаңы жол эки тарамга бөлүнөт. Анын бири шаардын борбору аркылуу өтсө, экинчиси түндүк жагы менен кесип өтөт. Эки тарам шаардын чыгыш тарабынан биригет.

Жаңы курулган жол логистикалык ташып жеткирүүлөрдүн ылдамдыгын жогорулатууга, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Бул чынында экологиялык жактан таза автожол. Эки тараптан тең, ошондой эле ортодогу бөлүүчү тилкеде жашыл чөптөр жана бактар өсүп чыгат. Жаңы магистраль Ысык-Көл бермети чегерилген алтын алкакка окшош. Долбоор Ысык-Көлгө келүүнү кыялданып жүргөн дүйнөнүн ар бурчундагы адамдар үчүн бул жерди дагы жагымдуу кылат.

Долбоор ишке ашпай калганына карабастан компания келечекте айланма жолду кандай көрөрүн чын дилден кыргызстандык досторуна сунуш кылат.

«Жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу менен биз коомго пайда алып келебиз. Баардык ишти адамдардын жыргалчылыгы үчүн жасоо менен куруу иштеринде мыктылыкты көрсөтүү аракетиндебиз» деген ураан менен «Чайна Роуд» автожол шедеврлерин жаратуу, аны менен бирге Кыргыз Республикасынын транспорттук объектилерин курууда салымын кошууга болгон күч-аракетин жумшайт.

Компания жаркын келечекти бирге куруу үчүн Кыргызстандагы достору менен өз ара пайдалуу негизде тыгыз кызматташууга ар дайым даяр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×