Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.07.2018 12:08

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк тиш дарыгер Ж.Турганбаев ветеринардык дарыкана ачты (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Желденбай Турганбаев ветеринардык дарыкана ачты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өзүнүн айтымында, ал кесиби боюнча тиш дарыгер. Бирок ветеринардык дарыкана ачуу үчүн алгач атайын ветеринардык багыт боюнча билим алган.

«Билим алып, бир нерсеге умтулууга эч качан кеч эмес. Эң негизгиси көздөгөн максатка жетүү керек», - дейт ал.

Учурда Ж.Турганбаев ветеринардык дарыканага келген айыл тургундарына акысыз маалымат берип, дары-дармектерди арзан баада сатуу менен тейлөө жүргүзүп жатат. Мал ылаңдарын алдын алуу боюнча да кеңеш берет.

Тиш доктурлук кесибин алмаштырган айыл тургуну алдыда ишин кеңейтүүнү максат кылууда. Айыл тургуну ветеринардык жана агрардык дары-дармектерди Каракол шаарынан алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×