Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.07.2018 13:40

Айыл турмушу: Жети-өгүздүк үй-бүлө дары чөптөрдөн, мөмө-жемиштерден кыям жасап сатууда (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылынын тургундары, жубайлар Тотубаев Жолдош жана Толубаева Зуура табигый дары чөптөрдөн, мөмө-жемиштерден кыямдарды жасап, сатыкка чыгарып жатышат. Аймактык кабарчы элеттик ишкерлер менен таанышты.

Жубайлардын айтымында, алар 10 жылдан бери «Бир айыл-бир продукт» долбоору менен иштешип, чакан «Береке» жамаатын түзүшкөн. Анда каакымдын гүлүнөн, бөрү карагаттан, кызыл карагайдын тоо буурчагынан, чычырканактын мөмөсүнөн кыямдарды жасашат. Даяр болгон кыямдарды чакан идиштерге салып, Бишкек жана Каракол шаарындагы дүкөндөргө сатыкка коюшат.

Айылдык ишкерлер кыямдын төрт түрүн жасап сатуу менен үй-бүлөлүк бюджетин толуктап алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×