Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 18.11.2018 16:33

Айыл турмушу: Тоңдук С.Абдиева жасаган шырдактарын 5-6 миң долларга чейин сатат (фото)

Turmush -  Тоң районунун Темир-Канат айылынын 64 жаштагы тургуну Сүйөркан Абдиева 40 жылдан ашуун убакыттан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Ал Каракол шаарындагы педагогикалык институтунда математика мугалими адистиги боюнча билим алган. Мектепте мугалим болуп иштеп, «Эл агартуунун отличниги» наамына ээ болгон.

«Мен 1976-жылы институтту бүткөндөн кийин мектепте иштедим. Аны менен катар кол өнөрчүлүк менен дагы алектенип жүрдүм. Кийин эс алууга чыкканда бул ишке өзүмдү толугу менен арнадым. Бул өнөрдү чоң энем менен кайненемден үйрөндүм. Кайненем менен бирге кыргыздын улуттук буюмдарын жасашып жүрүп, кийин өз алдымча кол өнөрчүлүк менен алектенип кеттим. Манастын 1000 жылдыгында 90 баштуу боз үйдү ички жасалгасы менен жасап баргам. Андан сырткары шырдак, ала кийиз, көлдөлөң жасагам. Облустук, райондук көргөзмөлөргө катышып турам.

Шырдакты жасоого 3 ай убакыт кетет, ал эми майдаларын аз гана убакытта бүтсө болот. Өзүбүздө кой бар, жүндү ошондон алып, кийизди колго жасайбыз. Мындан сырткары, өзүм билген өнөрдү келиндериме үйрөтүп келем.

Бизде айылыбызда туристтик фирма бар. Жасаган шырдактарымды ошол жерден туристтерге 5-6 миң долларга чейин сатам. Көлдөлөң жана башкаларды 350-400 сомдон жана башка кийиз буюмдарды 1000 сомдон 2000 сомго чейин сатам. Жайкысын көбүнчө Германиядан, Даниядан, Америкадан туристтер келишет», - деди кол өнөрчү.

Ал Даниядан келген турист аял жакшылыкты унутпаганына таң калган.

«Бир жылдары биздин үйдө чоң той болуп жаткан эле. Ошол учурда 30-40 жаштын тегерегинде Даниядан келген аял тойго катышкан. Биздин үйдөгү коноктор менен чогуу болуп, тойдун жүрүшүн видеого тартып, аябай кызыккан эле. Тойдун шарты боюнча ага устукан тартып, жоолук берсем аябай сүйүнгөн. Кийин той берген балама ал Даниядан белек салып жибериптир. Анын мен берген белекти унутпай, кайра бизге белек салганы аябай таң калтырды», - деди ал.

Сүйөркан Абдиева төрт уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×