Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Жети-Өгүздө Кореядан келген 2 машыктыруучу балдарга таэквондо үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунда 56 бала таэквондо́ менен машыгууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Ынтымак Кыргызстан жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Ж.Сулаев маалымдады.

Анын айтымында, айылдын жаштары өткөн жылы Кореянын Кыргызстандагы элчилигине спорттун бул түрүн өнүктүрүү боюнча долбоор жазышкан. Натыйжада долбоор колдоого алынып, Түштүк Кореянын Тегу шаарынан 2 машыктыруучу бир жарым айга Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылына келишкен.

«Мында балдар эки топко бөлүнүп, 10 жашка чейинкилер жана 10 жаштан жогоркулар спорттун таэквандо түрү боюнча машыгууда. 56 балага атайын спорттук кийимдер берилди. Машыгуу ар күнү 3 сааттан өткөрүлөт», - деди Ж.Сулаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 440
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×