Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.07.2018 12:49

Ысык-Көлдө сууга чөгүп жаткан кызды милиционерлер куткарып калышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан «Алтын-Кум» пансионатынын жээгинде ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун 3 ротасынын 2-батальонунун милиция кызматкерлери сууга чөгүп жаткан кызды куткарып калышты. Бул тууралуу «Шумкар» атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча кызмат өтөп жаткан убакта милиция кызматкерлери кыйкырып жаткан адамдарды көрүшкөн.

«Кызматкерлер ошол тарапка барганда алар кыздын сууга чөгүп жатканын көрүшкөн. Оперативдүү реакция кылышып, алар сууга куткаруучу тегерек жабдык ташташкан. Андан кийин ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиция кызматкери Маматкабыл уулу Бактыбек кызга чейин сүзүп барып, аны суудан алып чыккан», - деп айтылат маалыматта.

Куткарылган кыз Бишкек шаарынын 1994-жылы туулган тургуну М. кызы М., экендиги аныкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×