Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.07.2018 11:39 На русском

«Гастролер» ууру: Бостериде 25 жаштагы жигит марихуана менен кармалды

Turmush -  Ысык-Көлдө «гастролер» ууру делген жигит марихуана менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жайкы туристтик сезон учурунда эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн коомдук тартипти жана курорттук эс алуу жайларындагы ар кандай укук бузууларды алдын алуу боюнча Ысык-Көл облусуна ИИМдин Атайын багыттагы полкунан кошумча күч тартылган.

Аталган түзүмдүн кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда Бостери айылында жайгашкан пансионаттардын бириндеги бир эс алуучунун жүрүм-туруму шектүү жагдайды туудурган. Анын жеке буюмдары текшерилип, кийип жүргөн шымынын арткы чөнтөгүнөн 25 грамм өлчөмүндөгү марихуана салынган баштык табылган.

Кармалган жигит мурда бирөөнүн мүлкүн уурдоо фактысы боюнча соттолгон Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы Ш.Нурсултан аттуу тургуну болгон.

Кармалган жигит боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө райондук милициянын ыкчам тобу шектүү эс алуучулардын буюмдарын уурдоо максатында атайын Ысык-Көл облусуна келгендигин жана ал «гастролер» ууру катары милициянын көзөмөлүндө турарын аныкташкан.

Мыйзамсыз баңгизатты сактоо боюнча чогулган материалдар Ысык-Көл РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×