Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.07.2018 11:05 Жаңыланды: 12.07.2018 13:05 На русском

Фото, видео — Кыргызча сүйлөп, манты жасаган америкалык Тила

Turmush -  Американын Луизиана штатынан келген 25 жаштагы Холли Тила Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында балдарга англис тилин үйрөтүп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Холли Тиланын айтымында, ал Кыргызстанга ыктыярчы болуп 2 жыл мурун келген. 2016-жылы биринчи Талас облусуна барган. Бул убакыттын ичинде ал кыргыз тилин өздөштүрүп, боорсок жасап, ашкабактан манты түйгөндү үйрөнгөн. Ал Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында болуп, учурда улуттук каада-салт, үрп-адаттар менен таанышып жатат.

Мындан тышкары, ал «Ала-Тоо» деген ырды дагы жаттап алган. Кээде кыргыз досторунун тойлоруна барып, кыргызча ырдап, бийлеп дагы берет.

Тилланын ата-энеси 60 жашка чыгып, учурда эс алууда. Ал учурда өзүнүн сиңдисине кыргыз тилин үйрөтүп, Кыргызстандын кооздугу тууралуу ар дайым айтып берет.

«Кыргыздар каада-салтты аздектеген калк экен. Мен жакында кайрадан өз өлкөмө кетип жатам. Кыргызстанды абдан сагынам. АКШга барганда жакындарыма ашкабак менен манты жасап, плов басып, боорсок бышырып берем», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×