Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.07.2018 16:19

Түптө текшерүүдөн соң 2 пансионатка эс алуучуларды кабыл алууга уруксат берилди

Turmush -  Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары В.Ситчихин баш болгон комиссия райондогу пансионаттар менен муниципалдык көл жээктердин жайкы сезонго даярдыгын текшерип чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, текшерүүнүн жыйынтыгында 2 пансионатка эс алуучуларды кабыл алууга уруксат берилип, 4 муниципалдык пляжга эс алуучуларга көрүлгөн даярдыктын толук эместигине карата эскертүү берилди.

«Ысык-Көл айылындагы Түп-Маяк балдардын ден соолугун чыңдоо борбору менен Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» пансионатынын көл мезгилине даярдыгын комплекстүү түрдө текшердик. Эң биринчи эс алуучулардын коопсуздугуна көңүл буруп, сууга чөккөндөрдү куткаруучулардын даярдыгын текшердик. Бул эс алуучу жайларда өзгөчө кырдаал болгондо алдын алуу чараларын көрүүгө даярдыктар текшерилди», - деди Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Б.Казакбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×