Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ысык-Көл

Фото — Балыкчыда айдоочусу уктап кеткен унаа электр мамысын сүзүп токтоду

Turmush -  Балыкчы шаарында «Фольксваген» унаасынын айдоочусу уктап кетип, электр мамысын сүзүп токтоду. Бул тууралуу аймактык кабарчы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 9-июль күнү саат 04:00 чамасында Ж.Абдрахманов көчөсүндө болгон. Унаа сүзгөн мамы түбүнөн сынып, ордунан жылып кеткен. Айдоочунун абалы жакшы, ал оор жаракат алган эмес. Анын кабыргасы сынганы айтылууда.

Шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү, милициянын капитаны А.Шамшыбеков билдиргендей, жол кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу Бишкек шаарынын тургуну В.Л. экени аныкталды. Ага тергөөнүн негизинде административдик чара колдонулуп, электр мамыны калыбына келтирүүгө кеткен чыгымды төлөп бермей болду.

Ал эми шаардык «Тазалык» ишканасы РЭС менен бирге сынып калган мамынын ордуна башкасын коюу аракетинде.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 687
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×