Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.07.2018 17:34 На русском

Көлдө жергиликтүү тургундан кызыл китепке кирген куш алынды (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан кызыл китепке кирген куш алынды. «Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси (NABU)» коомдук уюмунун Ысык-Көл облусунун Ак-Суу району боюнча «Барс тобу» филиалы тарабынан өткөрүлгөн антибраконьердик рейддердин жыйынтыгында Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын А.Т. аттуу тургунунан кызыл китепке кирген жырткыч куш — ылаачын алынган (айып пул 250 миң сомду түзүшү мүмкүн).

Кармалган кишинин айтымында, аталган кушту ага достору белекке беришкен. Ал ылаачын менен салбурун боюнча мелдештерге катышууну көздөп жаткан. Ошондой эле андан кашкулактын жана түлкүнүн терилери табылган.

Жырткыч кушту кармоо боюнча Каракол шаарындагы Мергенчилик департаментинин кызматкерлери тарабынан протокол түзүлдү.

Маалымдама:

Ылаачындын чоңдугу ителгиден кем эмес. Алардын өңү кара чаар, кызыл чаар, көк чаар болот. Ылаачындын алкым жүндөрү ак, баш жүндөрү кара болот жана кара муруту бар. Денесинин узундугу 34-50 см, канатынын чабыты — 80-120 см.

Башка куштардай эле ылаачындын ургаачылары эркектеринен чоңураак келип, 910-1500 грамм салмакта болушат. Эркектеринин салмагы 440-750 грамм. Ылаачын Антарктидадан башка бардык континенттерде таралган. Дүйнөдөгү эң ылдам канаттуу, деги эле эң ылдам жандык. Адистердин баамында, ылаачын шукшурулуп тепкенде ылдамдыгы 322 км/секундга же 90 метр/секундга чейин жетет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×