Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 10.07.2018 16:53

Санташ айылында тоо койнундагы мектепте малчылардын балдары үчүн өнүгүү борбору ачылды (сүрөт)

Turmush -  Түп районундагы Санташ айыл өкмөтүнө караштуу Санташ айылындагы тоо койнунда орун алган мектепте Чымынды-Сай жайлоосундагы малчылардын балдары үчүн жайкы бала бакча, тактап айтканда өнүгүү борбору ачылды. Бул борборду тейлөөнү Михайловка айылындагы бала бакчасынын жааматы колго алды.

«Малчылардын балдары Чымынды-Сай жайлоосунда ата-энелери менен бирге болушат. Санташ айылындагы мектеп жайлоого жакын жайгашкандыктан балдарды жайкы эс алуу мезгилинде окутуп, эс алдыруу максатында өнүгүү борбору үчүн боз үй тигилди. Санташ айылындагы балдарды жана малчылардын балдарын кошкондо жалпы 30га жакын бала өнүгүү борборуна келет экен. Ачылыш аземине 17 бала катышты. Балдардын кызыгуусун арттыруу үчүн Михайловка айылында тарбияланып жаткан балдарды алып келип, ырдатып, бийлеттик. Биздин бала бакчанын тажрыйбалуу тарбиячылары Айжан Тууганбаева, Мээрим Хикнулинова, Динара Эркинбаева кезектешип келип, мага жардам берип турушат», - деди Санташ жайлоо өнүгүү борборунун жетекчиси Кымбат Казакбаева.

Жайлоодогу өнүгүү борборунун ачылыш аземине Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнөн, райондук акимчиликтен жана райондук билим берүү бөлүмүнөн тиешелүү кызматкерлер катышып, ар тараптан колдоо көрсөтө тургандыгын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×