Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 10.07.2018 14:22 На русском

Караколдун мэри шаарды өнүктүрүүнүн 5 жылдык программасын тааныштырды (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарына 2018-2022-жылдары 75 көп кабаттуу үй, таштандыны кайра иштетүүчү комплекс, туристтик маалымат борборун куруу жана шаардык автобекетти реконструкциялоо пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Д.Арпачиев 5 жылдык өнүгүү программасын тааныштырып жатып билдирди.

Анын айтымында, Каракол шаары туристтик аймак болгондуктан алгач жайкы этно маданий туризмди өнүктүрүү каралат. Туристтик маалымат борбору курулуп, автобекетти толук капиталдык оңдоо планы бар.

«Муну менен бирге шаардагы 49 гектар аянт жерге 75 көп кабаттуу үй куруу пландалууда. Ал жерде 3750 батир жайгашып, 15 миң 200 адам турак жай менен камсыз болот. Ошондой эле шаардын башкы планы иштелип чыгып, инвесторлор, тургундар маалымат алган портал иштелип чыгат. Ал эми шаардын тазалыгын сактоо үчүн таштандыны кайра иштетүүчү комплекс курулат», - деди ал.

Шаар башчысы бул планды Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келген премьер-министр М.Абылгазиевге да тааныштырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×