Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 10.07.2018 12:23

Ысык-көлдүк акын Н.Кожогулов жаштарды ыймандуу болууга чакырды (сүрөт)

Turmush -  Акын Нурдан Кожогулов жаштарды ыйманга үндөө максатында учурда жер-жерлерде жолугушууларды өткөрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, акын Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясында өткөн жолугушууда өзүнүн калемине таандык жаштарды ыйманга үндөгөн ыр саптарын окуп, мекенчил болууга чакырды.

Нурдан Кожогулов 8-класста окуп жүргөндө эле калем кармап, ыр жазып, чыгармачылык чыйыр жолун баштаган. Ата-энеси менен 2 жашында алыскы Кытай жергесинен кичи мекени Түпкө көчүп келип, ошол кездеги кыргыз элинин кыйын күндөрүн ыр менен жазган.

Жаштарды ыйманга үндөгөн акын: «Мекенди сүйүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө кайдыгер карабашыбыз керек. Ошондуктан ар бирибиз салым кошолу», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×