Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.07.2018 15:46 На русском

Б.Иргебаев Ак-Суу районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Бакыт Иргебаев Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Маалым болгондой, жаңы кызматкерди райондун активине бүгүн, 9-июлда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров тааныштырды.

Буга чейин Б.Иргебаев ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн уюштуруу иштер бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген. Ал эми ал дайындалган кызмат 5 айдан бери бош турган болчу.

Иргебаев Бакытбек Байчороевич 2001-жылы Москва ишкердүүлүк жана укук университетинин Караколдогу филиалын бүтүргөн. Эмгек жолун 2004-жылы Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты боюнча облустук департаментинде жетектөөчү адиси кызматында иштөөдөн баштаган.

- 2008-2012-жылдары Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын экономикалык өнүгүү жана инвестицияларды тартуу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенген;

- 2012-2013-жылдары Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштери жана көзөмөл бөлүмүнүн башкы адиси-инспектору болуп иштеген;

- 2013-2017-жылдары Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенген;

- 2017-жылдын август айынан баштап Өмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштери жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип жаткан.

Б.Иргебаев өзүнүн иштеген тармагында социалдык-экономикалык өнүгүүгө кошкон зор салымы үчүн Өкмөттүн алдындагы дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин, Кадр кызматынын жана облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын экономикасынын отличниги» төш белгилеринин ээси болгон.

Ал 2012-жылы чет элдик түз инвестиция тартуу программасынан окуп, Чехия өлкөсүндө тажрыйба алмашуудан өтүп келген.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×