Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.07.2018 14:35

Айыл турмушу: Ак-суулук Э.Осмоналиева шибеге менен килемчелерди токуп сатат (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Отрадное айылынын тургуну Элмира Осмоналиева шибеге менен килемчелерди токуп сатат. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул иш менен алектенгенине 15 жыл болду.

«Негизи сүрөттү так түшүрүп алса, шибеге менен иштөө жеңил эле. Ошого карабай убакытты алат. Айылдагы жаш келин-кыздар кызыгып, келип үйрөнүп кетип жатышат. Алгач өзүм үчүн жасасам, азыр сатыкка жасайм. Кээси буйрутма берет. Баалары ар кандай. Маселен тукабага сайылганы арзаныраак болот. Тукабанын 2 метр квадраты 2,5 миң сом болот. Жүк жапкычка сайылган килемди кымбатыраак сатам. Алардын 1,5 метр квадратын 4000 сом болот. Өзүм жайыт комитетинде бухгалтермин. Бош убактымды жалаң кол өнөрчүлүккө арнайм. Бул өнөрдү бала кезде кошуна эжеден үйрөнгөм. Азыр кошумча каражат табууга жакшы эле жардам берет. Менин буюмдарымды айылдагылар, коңшу айылдыктар сатып алууда. Көрсөтмөлөргө барганда да көп өтүп кетет», - деди ал.

Чебер айымдын 2 уул, 2 кызы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×