Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.07.2018 14:02 Жаңыланды: 09.07.2018 14:42 На русском

Көл мезгили: 40 градус ысыкта Ысык-Көлдүн жээгинен сүрөттөр

Turmush -  Жайдагы саратандан кыргызстандыктарды куткаруучу Ысык-Көл көлүнүн жээги ушул күндөрү эс алуучуларга толгон. Көл жээгинде кыргызстандыктар менен кошо чет өлкөлүк эс алуучуларды дагы көрүүгө болот. Ал эми эртең менен эрте көлдүн айланасы мемиреп, ээн калат.

Буга чейин Кыргызгидромет өлкө аймагында 7-9-июль күндөрү абанын температурасы +40 градуска жогорулай турганын эскерткен. Бүгүн, 9-июлда Ысык-Көл облусунун аймагында абанын температурасы +27...+32 градус ысык болот.

Бүгүн, 9-июлда аба ырайы кургак жана ченемден тышкары ысык болушу мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөндөрүндө 35…40º, тоо этектеринде 31…36°, Суусамыр өрөөнүндө 30…35º, Ысык-Көл ойдуңунда 27…32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 21…26, бийик тоолордо 15…20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат. 9-10-июль күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×