Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 09.07.2018 13:02 На русском

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк дарыгер А.Исмаиловдун жумушундагы күлкүлүү окуялары (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 31 жаштагы тургуну Адилет Исмаилов 8 жылдан бери элетте тиш дарыгери болуп иштеп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Ысык-Көл районунун Тамчы айылында чоңойгон. 2004-жылы Кара-Балта шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып, тиш дарылоо боюнча техник адистигине ээ болуп, кайра 3 жыл тиш дарыгери факультетин окуп бүтүргөн.

«Эмгек тажрыйбам 8 жыл болду. Учурда Балыкчы шаарындагы тиш эмканасында тиш доктур болуп иштеп келем. Биз негизи тиштерибизге көңүл бурушубуз зарыл. Себеби тиш курт болсо ооз көңдөйүнүн гигиенасы бузулат, ашказанга жана башка ички органдарга микроб кирет. Азыркы убакта жеген ичкенибиздин бардыгында химикат кошулмасы бар, сапатсыз тамак-аштар болуп атат. Колдон келсе экологиялык таза тамак-аштарды жеп жана ооздун гигиенасына жакшылап көңүл бурушубуз зарыл. Тиш доктурга бир жылда 2 жолу кайрылып, тиштерди көргөзүп туруу керек. Сүт азыктарын көбүрөөк ичишибиз керек. Анткени анда кальций витамини көп болуп, тиштердин бекем кылат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле, жумушундагы күлкүлүү учурларын айтып берди.

«Бир жолу бир келин тишин көргөзүп келди. Рентгенге түшүп келген сүрөтүн жарыкка такап алып карап жатсам «эмне экен? эмне экен?» деп улам кечке сурады. Мен эмне кылар экен деп «сүйүнүңүз, эркек төрөйт экенсиз» десем катуу чочуп кетти. Анан тамаша десем кечке күлдү.

Дагы бир жолу бир бала келген, 6-7 класс болуш керек эле. «Мурда укол алдың беле?» десем жок дейт. «Уколго даярдана берейинби?» дегенинен ооба деп аты-жөнүн жазып жаткам. Бир маалда карасам шымын чечип жамбашын тосуп даярдап алыптыр. Көрсө тиш дарыгерге биринчи жолуп келиптир. Ошого уколду жамбашка саят деп ойлоптур.

Күндөрдүн биринде үйдө таң атканча конок тосуп уктабай калып жумушка келгем. Бир бейтапка пломба салып «катып турсун оозуңузду ачып туруңуз» деп коюп столго барып кагаз толтуруп жатып уктап калыптырмын. Бир маалда тиги бейтап келип мени ойготуп, оозун көргөзүп бүттүбү деп жаңсап жатыптыр. Анан мен шек алдырбай саатты карап туруп «дагы 5 мүнөт бар кое туруңуз» деп койдум», - деди ал.

Дарыгер ата-энесине татыктуу бала, жубайыма татыктуу жолдош, 2 кызына татыктуу ата, жумушунда татыктуу адис болгусу келерин кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×