Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 09.07.2018 09:33

Жети-Өгүздө сууга агып кеткен аксакалдын денеси табылбай жатат

Turmush -  2-июлда Жети-Өгүз районундагы Кара-Суу суусуна агып кеткен 79 жаштагы аксакалдын сөөгү табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Барскоон айылынын 1939-жылы туулган тургуну С. Ч. Кааз-Уя жайлоосуна мал айдап бара жаткан учурда Кара-Суу суусуна агып кеткен. 5-июль күнү саат 22:00дө издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 5 куткаруучу, айыл аймактан 2 кызматкер жана милициядан 1 кызматкер тартылган 8-июль күнү ӨКМдин Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу дагы алынып келинген тартылган. Азырынча ыкчам топ менен байланыш жок болуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×