Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.07.2018 08:59 На русском

«Чөгүп кеткенин байкабай калдым»: Үй-бүлөлүк эс алуу 4 жаштагы Нурадилдин өлүмү менен аяктады

Turmush -  Ысык-Көл районунун аймагындагы «Керемет-Суу» эс алуу зонасында сууга чөгүп каза болгон 4 жаштагы Нурадил ата-энеси менен эс алуу үчүн барган. Бул тууралуу аймактык кабарчы жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 7-июлда саат 20:30 чамасында ысык булак жайгашкан Чоң-Өрүктү айылында болгон. Түп районунда жашаган үй-бүлө эс алуу үчүн аталган аймакка барган. Алар сууга түшүп жаткан учурда 2013-жылы туулган (30-декабрь) И.Нурадил кароосуз калып, сууга сөгүп кеткен. Наристеге медициналык жардам көрсөтүү үчүн Ананьев аймактык ооруканасына алып келишип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Наристенин атасы — 1976-жылы туулган Т.А.нын айтымында, саат 19:00 чамасында үй-бүлөсү менен ысык булакка түшүү үчүн келишкен. Ал баласынын оозу-мурдуна суу кирип, чөгүп кеткенин байкабай калган. Т.А. менен наристенин апасы — 1989-жылы туулган С.М. соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.

«Керемет-Суу» эс алуу аймагындагы минералдык булак Чолпон-Ата курорттук шаарынан болжол менен 50 чакырым алыс жайгашкан.

2015-жылдагы август окуясына чейинки көрүнүшү

56965_g

56962_g

56962_g

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×