Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 08.07.2018 19:16 На русском

Ысык-Көлдө 4 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 4 жаштагы наристе көлгө чөгүп кетти. Болжолдуу маалыматтар боюнча, кечээ, 7-июлда кечке маал Ананьев аймактык ооруканасына 2014-жылы туулган И.Н. жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Окуя Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында болгон.

Буга чейин Тоң районунун Тоң айылында 16 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп каза болгондугу маалымдалган. Окуя 24-июнда болжол менен саат 14:30 чамасында болгон.

Ошондой эле, 24-июнда Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында 24 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетип каза болгон.

ӨКМдин маалыматына караганда, окуя саат 17:00 чамасында пансионаттардын биринде болгон. Сууга чөккөн жигитти издөө үчүн ӨКМдин №31 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, саат 18:15те маркумдун жансыз денеси табылып, РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Балыкчы шаарында 17 жаштагы кыз көлгө чөгүп каза болгон. Окуя 25-июнда саат 19:00 чамасында болгонун Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнөн тастыкташты.

Маалыматка караганда, каза болгон өспүрүм кыз Ак-Талаа районунун 2001-жылы туулган тургуну С. кызы У. экени аныкталган. Ал Балыкчы шаарында убактылуу иштеп жаткан.

30-июнда Каракол шаарында 23 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болгон.
Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, Ак-Суу районунун Ак-Булак айылынын 1995-жылы туулган тургуну С.Нурлан жубайы, кайын эжеси жана жездеси менен эс алууга барган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар Нурландын денесин көлдөн 2 метр тереңдиктен таап чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×