Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 07.07.2018 13:23 На русском

Тоң РИИБге жаңы башчы келди

Turmush -  Абдыкеримов Нурлан Бердибекович Тоң РИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ички иштер министри кол койгон.

Милициянын майору Н.Абдыкеримов 1977-жылы Балыкчы шаарында төрөлүп, Кыргыз Улуттук университетинин юридикалык факультетинде жогорку билим алган. Ички иштер органдарындагы эмгек жолу 2003-жылы башталган болчу.

Буга чейин Н.Абдыкеримов ИИМдин Бешинчи башкы башкармалыгында (коррупция менен күрөшүү) башчынын орун басары болуп эмгектенип жаткан. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Ал эми Тоң РИИБдин мурунку башчысы — милициянын майору Ж.Ашыралиев Жумгал РИИБдин башчысы болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×