Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 07.07.2018 11:40 На русском

Сүрөт: Караколдо премьер-министр менен жолугушууну каалаган айрым тургундар залга кирбей калышты

Turmush -  Ысык-Көл облусуна 2 күндүк иш сапары менен келген премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-июлда Каракол шаарынын активи менен жолугушуп жатат. Бирок бул жолугушууга Ак-Суудагы айрым айылдык кеңештин депутаттары, анын ичинде Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы Самат Бакиев, Жыргалаң айылдык кеңешинин төрайымы Кызылкүл Букаева кирбей калганы маалым болду.

Алардын айтымында, буга чейин каттоодон өтүп, паспортторунун көчүрмөсү берилгенине карабай аларды уюштуруучулар киргизген эмес. Кийинчерээк кошумча тизме менен гана залга киришти.

Ошондой эле премьер-министр менен «Ынтымак» кайрымдуулук фондунун төрагасы, Жети-Өгүздөгү Дархан айылынын тургуну Атабек Мазымканов да жолукпай калышты. Алардын айтымында, буга чейин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө кайрылып, тизмеге кошууну суранышкан. Бирок жолугушууга жергиликтүү кеңештердин төрагалары менен айыл өкмөт башчылар гана катыша турганы айтылган.

Тизмеге кошулбай калган жашоочуга айта турган көйгөйүн жергиликтүү эл өкүлү аркылуу билдирүүнү сунушташкан. Бирок ал маселесин өзү гана айта турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×