Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ысык-Көл

Айыл турмушу: Тоңдук наабайчы Ф.Абдиев 4 айылдын элин нан менен камсыздайт (фото)

Turmush -  Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын 42 жаштагы тургуну Фархат Абдиев нан жасап сатып киреше табат. Аймактык кабарчы наабайчы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, тандырга нан жапканды өзбекстандык наабайчыдан үйрөнгөн.

«Наабайчылык менен 1995-жылдан бери алектенип келем. Тандырга нан бышырууга "Ош" базарында нан ташып иштеп жүргөндө кызыгып калгам. Андан кийин ошол жерде иштеген Ибрагим аттуу өзбек наабайчынын жанында жүрүп, үйрөнүп алдым. Буга чейин тандыр нан ташып иштесем, үйрөнүп алгандан кийин өзүм жасап сатып жатам. Бишкектен өзүм туулуп өскөн айылга келип, бул ишти улантып жатканыма 6 жылдын жүзү болду. Бир күндө 1 мүшөк ундан 200 даана нан жасап, кошуна 4 айылга таратам. Кошумча тойлорго буйрутма менен кооз нандарды жасап да берем. Жөнөкөй тандыр нан 13 сом, май токоч 18 сом жана пирамида нандарды 150 сомдон баалайбыз. Нандын камырын өзүм жууруп, өзүм бышырам. Ошондой эле келинчегим, балдарым жардам берет. 200 нанды 4 саатта бышырып бүтөбүз», - деди ал.

Жылына 80-90 миң сом киреше тапканын айткан наабайчы бош убакта мал чарбасы, дыйканчылык менен алектенет. Чарбактагы алма, өрүк бактарга кам көрөт. Ал келечекте 4 айылды эле эмес, райондогу бардык айылдын элин нан менен камсыздоону максат кылат.

Ф.Абдиев 2 уул жана 4 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1775
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×