Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Каракол 06.07.2018 14:12

Караколдун жолдорун күн сайын 100 тонна суу менен жууп жатышат (фото)

Turmush -  Каракол шаарында жайкы сезон маалында көчөлөрдүн тазалыгын сактоо боюнча бир катар иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Жол муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын асфальт жолдору түнү менен жуулуп жатат. Өзгөчө жамгыр жааган күндөрү тазалоо иштери түнкү саат 01:00дө башталат.

«Жолдорду бир жууганга 80 тоннадан 100 тоннага чейин суу кетет. Бир унаа 15 чакырымдан 25 чакырымга чейинки аралыктагы жолду жууйт. «МАЗ» унаасы суу чачып, артынан кичи трактор «МТЗ 320» үлгүсүндөгү тазалагыч (щетка) менен шыпырат. Мындай иштер жай айында шаардын тазалыгын сактоо, конокторго жакшы шарт түзүү максатында жуманын дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби күндөрү аткарылууда», - деп билдиришти ишканадан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×