Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.07.2018 11:40

Балыкчыда өспүрүмдөр арасында бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, бокс боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси Кенжебек Акелбаевдин урматына арналган өспүрүмдөр арасында бокс боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Балыкчы шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы К.Давлетов билдирди.

Анын айтымында, А.Бектуров атындагы спорт сарайында өтүп жаткан турнирге 200дөн ашык өспүрүм катышууда.

«Кыргызстандын бардык облустарынан жана Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринен командалар келишкен. Жаш өспүрүмдөр арасындагы турнир 13 салмак категориясында өтүп жатат. Бул турнир жыл сайын өткөрүлөт, быйыл тогузунчу жолу уюштурулууда», - деди К.Давлетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×