Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 06.07.2018 10:19 На русском

Балыкчыдагы ооруканада ымыркайы курсагында чарчап калган Динаранын туугандары милицияга кайрылышты

Turmush -  Оор абалда оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 30 жаштагы Динара Назарбекованын абалы жакшы. Бул тууралуу Балыкчы шаардык оорукананын директору Талант Жумагазиев билдирди.

Анын айтымында, бейтап учурда кайра жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду.

Оорукананын директору Д.Назарбекованын толгоосу келгенде ооруканага жаткызбай кетирип жиберишкен жана экинчи ирет төрөт бөлүмгө алып келгенде гинекологдун орунда жок экен деген маалыматтарга өзүнүн пикирин билдирди.

«Биз бул окуя боюнча бейтаптын туугандарына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Тегерек столдо жана коллегиялык жыйында жабырлануучу тараптын баардык суроолоруна жооп бердик», - деди ал.

Ал эми өздүк булактар маалымдашкандай, Д.Намазбекованын баласы чарчап калгандыгы боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Анын туугандары бул боюнча укук коргоо органдарына арыз жазышкан. Чарчап калган ымыркайдан тиешелүү анализдер алынган. Экспертизалык комиссиянын жыйынтыгы чыккандан кийин гана тергөө иштери улантылмакчы.

Буга чейин Балыкчы шаарында толгоосу келген аялды дарыгерлер үйүнө кетирип жиберип, ымыркай 1,5 сааттан кийин энесинин курсагында чарчап калгандыгы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×