Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 05.07.2018 13:40

Балыкчыда үч баласын, майып атасын жалгыз баккан Нурзат электр жарыгы жок калды (фото, видео)

Turmush -  Балыкчы шаарынын тургуну Нурзат Усубалиева үч кичинекей баласы жана мүмкүнчүлүгү чектелген атасы менен 2 жумадан бери электр энергиясы жок жашап жатат. Кошуналары аларга кезеги менен чай кайнатып берип жардам кылышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Н.Усубалиева Озёрная көчөсүнүн №206/6 дарегиндеги үйдө жашайт. Аларга «Чыгыш электр» ААКнын Балыкчы энергия сатуу бөлүмү тарабынан электр энергия үчүн 40 000 сом төлөө боюнча дүмүрчөк берилген. Ал эми үй ээси мынчалык көп акча чыгышы мүмкүн эместигин айтууда.

Нурзат Усубалиева алгачкы жолу электр энергия үчүн 2018-жылдын 23-январында Балыкчы РЭСтин эсеп билдирмесине жараша 1188 сом төлөгөн. Ошол айдан баштап декреттик өргүүгө чыгып, жумушка чыкпай калгандыктан, электр энергияга акчасын төлөй албай калган. Ал эми ошол январь айынан берки 5 ай аралыгында электр энергияга алгач 30 000 сомдон баштап, акыркы жолу 40 000 сом төлөнүшү керек деген дүмүрчөк келген.

Өзү чай кайнатып, тамак бышырып, үйдөгү жумуштарга гана электр энергиясын урунбаса, үйүндө эч нерсе иштетпей турганын билдирди.

Ал 40 000 сом боюнча Балыкчы шаардык РЭСтин башчысына кайрылганда «эч кандай катачылык кеткен жок, баары текшерилди, ошончо суммадагы акчаны төлөшүң керек» деген жооп алган. Жардамы катары 40 000 сомду алты айга бөлүп, ай сайын 6600 сомдон төлөгүдөй кылып бере ала тургандыгын айткан. Алты айда балдары менен көчөгө чыгып, дүкөн, кафе, мечиттерден кайыр сурап болсо дагы карызды чогулуп бериши керектигин айткан.

Нурзат Усубалиеванын айтымында, учурда анын үч баласы бар, 2 бөлмөлүү үйдө өзүнүн майып атасы менен бирге жашайт, күйөөсү менен ажырашып кеткен. Апасы дагы ооруга чалдыгып, Бишкек шаарында дарыланууда. Жардам бере турган ата-энесинен башка кишилери жок, бирок алар экөө тең оорукчан. Балдары үчүн айына шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынан болгону 2400 сомдук жардам алат. Ал акча азык-түлүк, тамак-аштан артпайт.

Ал Балыкчы РЭСтен бул дүмүрчөккө жакшы көңүл буруп, аларды кайра текшерип чыгуусун өтүндү. Иш оң тарабына чечилет деген үмүттө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×