Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 05.07.2018 10:06 Жаңыланды: 14.07.2018 15:57

Тагдыр: Жети-Өгүздө 2 майып баланын энеси парламенттин төрагасы убадалаган жер үйдү күтүп жатат (фото, видео)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы буту баспаган Изат менен Кубанычбек Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков убадалаган жер үйдү күтүп келишет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга алардын апасы Султанбек кызы Мээрим билдирди.

Анын айтымында, алар учурда батирде жашагандыктан эки майып баласын эшикке алып чыгууда кыйынчылык жаралат. Ошондой эле тиешелүү шарттардын жоктугу түйшөлтүп келет.

«Учурда айылда кабаттуу үйдүн экинчи кабатында, кайрымдуу бир байкенин батиринде жашап жатабыз. Мындан 5 ай мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков келип, биздин абал менен таанышып кеткен. Ал бизге жер маселесин чечип берүүнү убадалап, жергиликтүү бийликке тапшырма берип кеткен. Айыл өкмөттөн сурасак, алар жер таап, Жогорку Кеңешке кароого жибергенин айтышты. Эми бул маселе оң тарабына чечилип калат деп үмүт кылып жатабыз. Мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү дагы жардам беребиз деп жүрүшкөн, бирок төрага жардам берерин угушкандан кийин ойлору өзгөрүп кетиптир.

Биз өзүбүз деле аракет кылсак дейбиз, бирок эки майып балабыз менен эч жакка чыга албайбыз. Мен белимди оорутуп алгандан бери өз алдымча чоң уулумду көтөрүп, ажатканга алып бара албай же жуунта албай калдым. Жолдошум көтөрүп жардамдашат. Ошондуктан ал дагы жумушта туруктуу иштей албай жатат. Күнүмдүк жалданма иштерге барып, бир аз акча табат. Биз үчүн жер үй болсо жакшы болмок. Балдарды эшикке оңой алып чыгып калат элек», - деди ал.

Мээрим Султанбек кызынын айтымында, уулдары 3-класска чейин катардагы окуучулардай эле окуп, ден соолугу чың болчу. Учурда Изат 15, ал эми Кубанычбек 13 жашта. 2011-жылы жолдошу Рыспек Сатинди уулу инсульт болуп, 33 жашында каза тапкан. Ал 4 баласын жалгыз багып келген.

Мээрим Султанбек кызы 2015-жылы Акылбек Токбаев аттуу жаранга турмушка чыккан. Учурда жолдошу менен 5 баланы тарбиялоодо. Жубайлардын кичүү кызы 1 жаштан ашты. Үй-бүлө жакыр турмушта, ижарага алынган чакан батирде турат. Алардын менчик үйлөрү жок. Эки бир тууганга ар апта сайын 3 күн мугалимдер келип сабак өтүшөт.

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков алардан кабар алып, 50 миң сом материалдык жардам көрсөтүп, балдарга планшет жана оюнчуктарды белекке бергендиги маалымдалган. Ошондой эле төрага жер тилкесин алууга жана там куруу үчүн демөөрчүлөрдү табууга көмөктөшөрүн убада кылган. Ал эми Изат менен Кубанычты тиешелүү медициналык кароодон өтүүгө Бишкекке чакырып, дарыгерге көрсөтүүнү да убадалаган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×