Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 04.07.2018 15:44

Чолпон-Атанын окуучулары менталдык арифметика боюнча Дубайдагы олимпиадада байгелүү орундарды ээлешти (фото)

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынан менталдык арфиметика боюнча эл аралык олимпиадага барган окуучулар байгелүү орунга ээ болуп кайтышты, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалым болгондой, эл аралык олимпиада 24-июнда Дубай шаарында өттү.

Анда 1-класстын окуучусу Айа Уркумбаева чемпион болсо, 2-класстын окуучусу Кайнарбекова Ажар супер чемпион аталды. Ал эми 2-класстын окуучусу Бектуров Жандос 2-орунга жана 4-класстын окуучулары Фатима Сарбагышева 1-орунга, Кундуз Кабылова 2-орунга ээ болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×