Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 04.07.2018 11:14 Жаңыланды: 04.07.2018 18:44

Жубайлар: Өзүнөн улуу мугалимге ашык болгон ысык-көлдүк Б.Жумакадыров сезимин кантип билдиргенин айтып берди (фото)

Turmush -  Тоң районунун Ала-Баш айылында жашаган жубайлар — 54 жаштагы Бектур Жумакадыров менен 58 жаштагы Сулайкан Султангазиеванын бирге өмүр сүргөнүнө быйыл 30 жыл болду. Аймактык кабарчы жубайлар менен таанышты.

Б.Жумакадыров Түп районундагы айыл чарба техникумун аяктаган, ал эми С.Султангазиева Каракол шаарындагы ИМУнун математика факультетин бүтүргөн. Жубайлар 1988-жылы баш кошуп, 3 балалуу болушкан.

«Жубайым биздин айылга мугалим болуп келген эле. Ал бизге кошуна болгон эжесинин үйүндө жашачу. Ага барып таанышып, бир көргөндө эле жактырып калдым. Ал мага токтоо, сүйкүмдүү, татынакай көрүндү. Ал менден 4 жашка улуу болгондуктан мага турмушка чыкканга макул болбой коёт го деп көпкө ойлодум. Сезимимди билдире албай, жөн гана сыртынан көз салып жүрдүм. Мурда айылга башка жерден келген кыздарды кетирбей, келин кылып алып калышчу. Менде дагы аны башка бирөө алып калат деген коркунуч пайда болду. Ошондо ага барып, сезимимди билдирип, үйлөнүү ниетим бар экенин айттым. Кийин теңтуш балдарым менен барып алып келгенбиз. Ошондо анын эжесинен коркуп, бир чети уялып, тоого качып кеткем. Эртеси кайра келгеним эсимде.

Үйлөнгөндөн кийин 2 жыл ата-энем менен жашадык, кийин бөлүнүп кеттик. Анткени мен үйдө 11 баланын эң улуусу элем. Мени чоң атам менен чоң энем баккан. Алардын мага берген тарбиясы зор.

Өзүнчө үй-бүлө болуп кеткенден кийин мен мал доктур кесибим боюнча иштеп баштадым. Акыркы 32 жылдан бери бул тармакта эмгектенип келе жатам. Ал эми жубайым 26 жыл мугалим болуп иштеди. Азыр неберелерин карайт. Мындан тышкары кыздарга сеп жасап, кол өнөрчүлүк менен алектенет.

Улуу балабыз Үсөнбек Бишкек шаарындагы архитектуралык окуу жайды бүткөн. Учурда курулуш жетекчиси болуп эмгектенүүдө, келинчеги, бир уул, бир кызы бар. Кызым Зарина КУУну окуп бүткөн. Турмушка чыгып, бир уул, бир кыздуу болгон. Кичүү уулум биздин колубузда, айыл чарбачылык менен алектенет, жакында үйлөнөт», - деди Бектур Жумакадыров.

Ал эми жубайы С.Султангазиева 26 жылдык мугалимдик эмгеги баалангандыгын белгиледи.

«Жаңы турмушка чыкканда мектепке жетейин деп калганда башымдагы жолукту алып койчумун. Кайра үйгө жакындаганда салынып алчумун. Анда жаш болуп көп нерселерди билчү эмес экенбиз. Ал убакта элдер ушакка, саясатка көп деле маани беришчү эмес. Менин ал учурда максатым окуучуларыма татыктуу тарбия берүү болчу. Колумдан келишинче талыкпай эмгектендим. Эмгегим бааланып, «Эл агартуунун отличниги» төш белгисин алып, ардак грамоталар менен сыйландым. Жолдошум дагы көптөгөн сыйлыктардын, мактоо баракчалардын ээси болду. Ал мал чарбачылык менен алектенет. Ага чакыруулар аябай көп келет. Башка айылдарга чейин барып малдарды дарылайт», - деди С.Султангазиева.

Ал жаштар кесип тандоодо жаңылышпай, жакшы көргөн жумушу менен алектенсе анын үзүрүн көрүшөрүн белгиледи.

«Дарак бир жерден көгөрөт дегендей, жаштар дагы сүйгөн кесипти тандап алып, ошол ишке жоопкерчиликтүү болуп иштешсе деп айтат элем. Жакшы иштеген адамдын эмгеги эртеби же кечпи сөзсүз бааланат экен. Аалы атабыз: «Өмүр бизден кетсе да, эл эмгектен эскерсин» деп бекеринен айткан эмес экен. Эми биз кичүү уулубузду үйлөнтүп, кадырлуу чоң ата жана чоң эне болсок дейбиз. Бир келген өмүрдү татыктуу жашасак деп ойлойбуз», - деди С.Султангазиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×