Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 04.07.2018 08:38

Ак-Суунун жаңы конушунда 3 миңден ашык адам таза суу менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Ак-Суу районунун Жаны-Арык айылынын жаңы конушунун 3 миңден ашык тургуну таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу жергиликтүү депутаттар билдирди.

1991-жылы жаңы конуш пайда болуп, анда таза суу көйгөйү жаралып келген. Эми айылга 4 чакырым түтүк тартылып, таза суу киргизилди.

Жаны-Арык айылынын депутаты Руслан Бейшеевдин айтымында, алар бул маселе боюнча бардык мекемелерге кайрылышкан, бирок жыйынтык чыккан эмес.

«Айылдын бюджети аз болгондуктан сууну өз эсебибизден чыгара алган эмеспиз. Бирок айылдык депутаттар чет элдик кайрымдуулук фондго кайрылып, алардын жардамы менен таза суу чыгардык. Фонд тарабынан айылга 4 чакырым түтүк тартылып, эски скважина тазаланып, таза суу кирди. Буга чейин эл 20 жылдан бери кудуктан суу ичип келген», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×