Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 03.07.2018 10:29

Кубанычбек Шаршенбаев Түп райондук ден соолук комитетинин төрагасы болду

Turmush -  Түп райондук ден соолук комитетинин төрагасы болуп 55 жаштагы Кубанычбек Шаршенбаев бир добуштан шайланды. Бул тууралуу райондук ден соолукту чыңдоо кабинетинин башчысы Жаныбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы айларда Түп райондук ден соолук комитети жетекчисиз келе жаткан.

«Түп району боюнча 36 айылдык ден соолук комитети бар. Алар райондук ден соолук комитетин (АДК) түзүшөт. Райондук ден соолук комитети, ден соолукту чыңдоо комитетинин жетекчилиги менен АДК айыл жеринде жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча маалымат таратып, акы албай иштөө менен бирге туруктуулугун сактоо үчүн ар кандай долбоорлорду жазып, иштеп келе жатышканына 10 жылдан ашты. Акыркы айларда Түп райондук ден соолук комитети жетекчисиз келе жаткан. Жакында болгон кезектеги жыйналышта РДК өзүлөрүнүн жетекчиси кылып Кубанычбек Шаршенбаевди бир добуштан шайлап алышты», - деди Жаныбек Жылкыбаев.

Кубанычбек Шаршенбаев 1963-жылы Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Билими орто. 4 бала, 2 неберенин атасы.

Ал алгач «Шапак ата» дыйкан чарбасын жетектеп келген. Акыркы беш жылдан бери Санташ айыл аймагындагы Кең-Суу айылынын башчысы болуп эмгектенип келе жаткан. АДК уюшулгандан бери айыл башы болгонго чейин Кең-Суу айылдык ден соолук комитетин да жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×