Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 03.07.2018 08:25 На русском

Видео — Чолпон-Атада асмандагы булуттан «Аллах» деген жазуу пайда болду

Turmush -  Чолпон-Ата шаарынын тургуну асмандагы булуттардын «Аллах» деген жазуунун элесин берген түзүлүшүн тасмага тартып алган. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарынын тургуну Дастан Мамытов билдирди.

«Менин Улан аттуу досум 1-июлда саат 15:30 чамасында «Аллах» деген жазууну асмандан тартып алдым» деп бул тасманы мага жиберди. Тасманы Чолпон-Ата шаарындагы жаңы базардын жанынан тартып алганын айтты», - деди ал.

Буга чейин 25-майда Кочкор районундагы тургундун чарбасындагы тоок «Аллах» деген жазуусу бар жумуртка туугандыгы кабарланган.

Анын айтымында, окуя Кочкор айылынын Куттуксеит уулу Шамен көчөсүндөгү үйдүн тургуну Мирлан Муратбек уулунун жеке чарбасында болгон. Өзгөчө жумуртканы чарбадагы брама тукумундагы тоок тууган.

«Жумуртканы дин кызматкерлерине көрсөтсөк, Аллах жазуусу жазылганын айтышты», - деген ал.

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк саяпкер «Аллах», «Мухаммед» деген арабча жазуусу бар жылкы багууда (фото, видео)

Тоо боорундагы «Аллах» жазуусуна окшош сүрөт

Сузакта «Аллах» деген арабча жазуусу бар таш табылды (фото)

Баткендеги жайлоодо араб тилинде «Аллах» деген жазуусу бар козу туулду (фото)

Өзгөндө табылган жумурткадагы жазуу арабча «Аллах» деген сөз экендигин тастыкталды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×