Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 02.07.2018 15:19

Балыкчыда медициналык кызматкерлерге акчалай сыйлыктар тапшырылды (фото)

Turmush -  Балыкчы шаарында медициналык кызматкерлердин кесиптик майрамы белгиленди.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, майрамдык иш-чарага шаардык аймактык оорукананын, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун, шаардык тиш дарылоо бейтапканасынын жана Ысык-Көл үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери катышты.

Анда Балыкчы шаарынын жетекчилери медициналык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларга ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Балыкчы шаарындагы саламаттыкты сактоо тармагында калктын ден соолугун чыңдоодогу көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана шаардын коомдук иштерине активдүү катышкандыктары үчүн мэриянын жана шаардык кеңештин ардак грамоталары менен төмөнкү дарыгерлер сыйланышты:

1) М.Абдыкеримов – Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун хирург-дарыгери;

2) Г.Мекебаева – Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун физиодарылоо бөлүмүнүн медайымы;

3) Н.Муканбетова – Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улуу медайымы;

4) Т.Батамбекова – Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы;

5) А.Абдыкеримов – шаардык тиш дарылоо бейтапканасынын тиш техниги;

6) Н.Мамбетова – Санэпидемиологиялык көзөмөл борборунун лаборанты;

7) Ч.Абдрайымова – «Ысык-Көл» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы.

Калкка медициналык кызмат көрсөтүүдө артыкчылыктарга жетишкен медициналык кызматкерлерге төмөндөгү номинациялар ыйгарылды:

1) Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Б.Абдразаковго «Новатор» номинациясы;

2) Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам бөлүмүнүн улуу фельдшери К.Кемеловага «Насаатчы» номинациясы;

3) Балыкчы шаардык оорулардын алдын алуу жана санэпидкөзөмөл борборунун санитардык дарыгеринин жардамчысы Г.Чотоновага «Үлгүлүү медайым» номинациясы;

4) Тиш дарылоо бейтапканасынын тиш дарыгери С.Усупбаевге «Жаңы муун» номинациясы;

5) «Ысык-Көл» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы А.Акунсартовага «Мыкты медайым» номинациясы ыйгарылды.

Мэрдин резервдик фондунан номинация ээлерине 1000 сомдон, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 7000 сом, шаардык аймактык ооруканага 7000 сом, тиш дарылоо бейтапканасына 5000 сом, санэпидемиологиялык көзөмөл борборуна 5000 сом жана «Ысык-Көл» үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна 2000 сомдук акчалай сыйлыктар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×