Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 02.07.2018 13:42

Чолпон-Атада терезелерин күңүрттөп алган айдоочуларга айып пул салынды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери эс алуу күндөрү Чолпон-Ата шаарында «Күңүрттөө» аталыштагы рейд өткөрүштү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамга баш ийбей, унааларынын терезелерин күңүрттөп алган айдоочулар кармалып, айып пул салынды. Ошондой эле унаалар атайын токтотуучу жайга алынып келип, күңүрттөлгөн жапкычтар чечилди.

«Жайкы эс алуу мезгилинде Ысык-Көл райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери коопсуздукту сактоого багытталган рейддерди тез-тезден өткөрүп турушат», - деди бөлүмдүн башчысы Т.Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×