Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Фото — Балыкчыда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мугалимине 100 миң сомдук тон белек кылышты

Turmush -  Балыкчы шаарындагы №2 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү класс жетекчисине тон (шуба) белек кылышты. Бул тууралуу 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн бири Акжолтой Тукунов билдирди.

Анын айтымында, №2 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепти 1998-жылы 11 бүтүрүүчү аяктаган.

«Биз классташтар менен кеңешип, класс жетекчибиз Клара Абдрахмановага жакшы белек кылууну чечтик. Эжейибиздин бизге берген билимин, тарбиясын, мээримин актайлы деп 100 миң сомго тон алып бердик. Мындан сырткары башка мугалимдерибизге дагы чакан белектерди тапшырдык», - деди Акжолтой Тукунов.

Ал классташтар мектепти бүтүп жатканда алдыга койгон максаттарын жазып, аны катып коюшкандыгын айтты.

«Биз 20 жыл мурун мектепти аяктап жатканда максаттарыбызды, бири-бирибизге болгон каалоо-тилектерибизди кагазга жазып, аны бөтөлкөгө салып, мектептен алыс эмес жерге көмүп койгонбуз. 20 жыл өткөндөн кийин аны эстеп издедик. 2 сааттан соң таап алып, жаш кезибизде жазган максаттарыбызды окудук. Айрым классташтарыбыз ошол кезде жазган максаттарына жетип, кыялданган кесиптеринин ээси болушса, кээ бири башка жолду тандап кетишиптир», - деди ал.

А.Тукунов белгилегендей, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси 30-июнда өттү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

04.05.2018Өзгөндүн Кашка-Терек айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй куруп жатышат (фото)
24.05.2018Кара-Сууда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр жардамга муктаж классташына 2 бөлмөлүү үй куруп беришти (фото)
24.05.2018Сүлүктүдө 20 жылдык бүтүрүүчүлөр аз камсыз үй-бүлөнүн үйүн оңдоп беришти (фото)
24.05.2018Фото — Чаткалда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мүмкүнчүлүгү чектелген классташына үй сатып беришти
25.05.2018Караколдогу лицейдин 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке 1,3 млн сом беришти (фото)
04.06.2018Тоголок Молдонун 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылга 40 000 сомго суу насосторун алышты (фото)
05.06.2018Жумгалдын Таш-Дөбө айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектепке боз үй жана шахмат белек кылышты (фото)
18.06.2018Ак-Талаанын Кош-Дөбө айылындагы мектепке 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 23 миң сомго китеп текчесин алып беришти (фото)
29.06.2018Орто-Нуранын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектептин алдына таштаман коюшту (фото)
30.05.2018Майрамдын ордуна кайрымдуулук: Аймактарда 10 жана 20 жылдыктар муктаждарга үйлөрдү куруп беришти (видео)
21.06.2018Майрамдын ордуна кайрымдуулук: Ак-Сууда 10 жылдык бүтүрүүчүлөр жардамга муктаж 2 үй-бүлөгө торпок алып беришти (фото)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15617
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×