Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 01.07.2018 14:10 На русском

Балыкчыда толгоосу келген аялды дарыгерлер үйүнө кетирип коюп, ымыркай курсакта чарчап калды

Turmush -  Балыкчы шаарында толгоосу келген аялды дарыгерлер үйүнө кетирип жиберип, ымыркай 1,5 сааттан кийин энесинин курсагында чарчап калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган аялдын кайын сиңдиси Каныкей Туратбекова билдирди.

Анын айтымында, жеңеси бул жолу жетинчи наристесин төрөмөк.

«Жеңем 30 жашта. Акем экөөнүн 5 баласы бар. Биринчи баласы ымыркай кезинде эле чарчап калган. Калган 5 баласы аман-эсен. Динара жеңем бул жолу жетинчи баласын төрөмөк. Кош бойлуу болгондон тарта өзүнүн аймактык дарыгерине көрүнүп, бардык анализдерин тапшырып, өзүн жакшы сезип жаткан. Ал УЗИге акыркы жолу 26-июнда барган. Ал жерден ага бала жакшы абалда экендигин, 2-3 күндүн ичинде төрөй тургандыгын айтышкан. Жеңемдин 29-июнда толгоосу келип, аны Балыкчы шаардык ооруканасына алып келишкен. Дарыгер аны карап, бала жакында төрөлбөй турганын айтып, кайра үйүнө кетирип жиберген. Кайын энеси дарыгерден аны ооруканага дарыгерлердин көзөмөлүнө калтырууну айткан. Бирок дарыгер ооруканага мындай аялдардан күнүнө жүздөгөн аялдар келерин, алардын бардыгын ооруканада кармап туруу мүмкүн эместигин айтып нааразы болгон», - деди ал.

Балыкчы

Динара айым үйүнө баргандан кийин өзүн жаман сезип, курсагы катуулап ооруй баштаган. Кайын энеси кайрадан ооруканага жеткирип, бирок ал учурда дарыгер ордунда жок болуп чыккан.

«Төрөт бөлүмүндө дарыгер жок экендигин айтышты. Бул учурда жеңем кыйналып баштады. Келген дарыгер аны карап, операция жасашмак болду. Бирок алардын хирургу дагы жок болуп чыкты. Хирургду башка бир ооруканадан же башка бөлүмдөн чакыртып келишти. Анткени Чолпон-Атадагы оорукананын дарыгери тажрыйбасы жок экендигин айтып, операция жасоодон баш тартты. Түнкү саат 2:00гө чейин созулган операцияда ымыркай чарчап калгандыгы такталды. Жеңем 2 литрден ашык кан жоготту», - деди Каныкей айым.

Азыр жеңеси оор абалда реанимацияда жатат.

«Биз дарыгерлердин мындай аракетине нааразыбыз. Бул маселе боюнча башкы дарыгерге кирүүнү каалаганбыз. Бирок ал ордунда жок экен. Башкы дарыгердин орун басары салкын мамиле жасады. Эмнеге дарыгерлер эне менен баланын өмүрүн тобокелчиликке салышат? Эгер убагында жардам көрсөтүлгөндө баланы сактап калууга мүмкүн болмок», - деди Каныкей.

Балыкчы шаардык ооруканасы бул маалымат боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×