Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.06.2018 18:16

Ысык-Көлдө пансионаттардын жайкы сезонго даярдыгы текшерилди (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери жана Бактуу-Дөлөнөтү айылдарында жайгашкан эс алуу жайларынын жайкы туристтик сезонго даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Бостери айыл өкмөтүнөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, текшерүү 13-14-июнь жана 19-июнь күндөрү жүргүзүлдү. Анда Бостери айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл өкмөттүн кызматкерлеринен комиссия түзүлүп, пансионаттардын жайкы сезонго даярдык иштерин көрүп чыгышты.

Комиссиянын төрагасы болуп айылдык кеңештин депутаты Таалай Буржуев шайланып, комиссия мүчөлөрүнө айылдык кенештин депутаттары Жапаров Айбек, Айылчиев Тимур, Сыдыкова Нурзат, Сыдыкбеков Уларбек, Иманалиев Эмир, Жээнтаев Мезгил жана «Бостери Тазалык» ишканасынын жетекчиси Тарпанбаев Алмаз, Бостери айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Жумбаева Айзада, Тажыканов Бакыт, Эсеналиев Самый киришти.

«Жай мезгили башталгандан тарта көл жээгинде эс алып жүргөндөрдүн эс алуу маданияты сакталбай, жаратылышка ар кандай зыян келтирилүүдө. Ысык-Көлдөгү эң оорчундуу маселердин бири саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын талапка жооп бербегендиги болуп эсептелет.

Ысык-Көл районунда жалпы 150дөн ашуун эс алуучу жай бар. Бирок бул расмий гана маалымат, көмүскөдө иш алып барган пансионаттар мындан эки эсе көп болушу ыктымал. Эс алуучу жайлардын 80%дан ашыгында саркынды сууларды тазалоочу жайлар жок, болсо да көпчүлүгү союз мезгилинде салынган бойдон жаңылана элек.

Түзүлгөн комиссия Бостери жана Бактуу-Дөлөнөтү айылдарындагы эс алуу жайларын текшерүү учурунда да саркынды суу маселеси каралып, коомдук бекер ажаткана ачылыш керек экендиги эскертилди. Жергиликтүү тургундардан эс алуучу жайга кызматка алынышы, мыйзамсыз, баш аламан коюлган соода-сатык түйүндөрүн иретке келтирүү, пляж зоналарынын тазалыгы, акыр-чикир таштоочу үкөкчөлөрдүн санын көбөйтүү, эс алуу жайдын айланасына жарыктандыруу орнотуу, жолдорун оңдоп-түзөө керектиги айтылды», - деп айтылат маалыматта.

Текшерүү учурунда «Каприз», «Ден соолук», «Алмаз жээ», «Лотос», «Тулпар», «Достук», «Жетиген», «Алтын кум» эс алуу жайларына эскертүүлөр берилип, тез арада кемчиликтерди жоюуга убакыт берилди. Мындай текшерүүлөр байма-бай эс алуучу жайларда, жеке менчик конок үйлөрүнө жүргүзүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×