Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 29.06.2018 13:33 На русском

Чолпон-Атада 12 жаштагы кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Turmush -  Ысык-Көл райондук соту 28-июнда 12 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча чечим чыгарды. Бул маалыматты Turmush басылмасына райондук прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка караганда, судья Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну С.У.ну КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү («Өспүрүм кызды зордуктоо») менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.

Прокуратурадан маалымдашкандай, соттолуучу адамдын күнөөсү толугу менен далилденген.

Буга чейин Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелген адам кармалгандыгы маалымдалган.

Маалыматка караганда, 26-мартта милицияга шаардын 1960-жылы туулган тургуну (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал 25-март күнү саат 22:00 чамасында 2006-жылы туулган кызын азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы белгисиз адам зордуктап кеткенин билдирген.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү жаран колго түшүрүлгөн. Ал Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын 1965-жылы туулган тургуну С.У. экени аныкталды. Айрым маалыматтарга караганда, өспүрүм кыз аталган күнү маданий борбордун жанында саат 20:00 чамасында үшүп кеткендиктен С.У.нун унаасында отуруп турууну суранган. Шектүү кызга тамак алып берип, андан кийин күч колдонуп зордуктаган.

Кийинчерээк Ысык-Көл ОИИБ тарабынан аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×