Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.06.2018 20:33

Элдик уламыш: Беш-Абышка айылы 5 бир тууганга байланыштуу аталып калган

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Абышка айылынын аталышы беш бир тууган улгайганда айылына кайтып келгени менен байланыштуу. Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылдын аталышы боюнча эки түрдүү уламыш эл оозунда айтылып келет. Бул уламыштарды уккан жашоочулардын бири Султан Тезекбаев кабарчыга айтып берди.

«Биздин айылда илгери беш абышка ар дайым той-аштарга чогуу барышчу экен. Алыстан көргөн адамдар аларды "беш абышка келе жатат" деп таанып келишкен. Ошондон улам беш абышка жашаган айыл деп аталып жүрүп, кийин бул аймак Беш-Абышка аталып калыптыр», - деди С.Тезекбаев.

Ал эми милиция кызматкери Жеңишбек Ашырбаевдин айтымында, 5 бир тууган айылына улгайганда гана кайтып келишкен.

«Беш-Абышка айылы Жаңы-Арык айылынан Гүлчө дарыясын бойлоп, күн чыгыш тарапка карап жүргөндө 25 чакырым аралыкта жайгашкан. 1760-жылдары беш бир тууган келип отурукташкан жер. Бешөө тең жашы улгайганда келгендиктен жана аларга жубайлары абышка деп кайрылгандыктан беш абышка жашаган жер делип жүрүп, Беш-Абышка аталып калган. Абышка деген сөз Фергана өрөөнүндө көп колдонулбагандыктан бул сөзгө басым жасалып калган дешет. Бешөө тең эл кадырлаган кадырлуу инсандардан болушкан.

Капич баатыр, Жанай жана Канай усталар жоокерчилик заманда өткүр кылыч жасап тарыхта калса, таластык Ажибай датканын кызы Жаркын айым Шералы ханга турмушка чыккан кезде Беш-Абышкадан бир нече жигиттер Кокон ханына кызмат кылганга чакырылган экен. Ошол жигиттердин арасынан беш бир тууган улгайган кезде Ата Журтуна кайтышып, азыркы Беш-Абышка айылын түптөшкөн. Бул айыл Чыпак казы, Сатыбалды Чырмашов, Айдаралы Осмонов, Абдыкадыр Жунусов сыяктуу чыгаан уулдарды өстүргөн жер», - деди Ж.Ашырбаев.

Ал эми айыл өкмөттүн башчысы Эржигит Пасаңовдун айтымында, Беш-Абышка айыл өкмөттөгү эң алыскы айылдардын бири.

«Беш-Абышка айылында өткөн жылы 100 орундуу А.Жунусов атындагы орто мектебинин имараты курулган. Жалпы 100го жакын кожолук жашайт», - деди ал.

Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү мал чарбачылыгы менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×