Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

«Мекендештер»: Румынияда акысыз окуп жаткан 21 жаштагы Калыгул кыялын кантип орундатканын айтып берди (фото)

Turmush -  «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 21 жаштагы Калыгул Жунушбеков. Ал Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. Учурда Румыниянын Бухарест шаарындагы университетте бакалаврды аяктап жатат. Turmush басылмасынын кабарчысы мекендешибиз менен баарлашты.

Өзүнүн айтымында, ал Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы лицейде билим алган.

«Мен 11-классты бүткөндөн кийин чет мамлекеттен билим алууну максат кылып жүргөм. Түркиянын 10дон ашык университетине тапшырып, көбүнчөсүнө өттүм. 2015-жылы август айында лицейге Румыниядан гранттык окууга сунуш түшүп, мен өтүп кеттим. Ошентип бул жерге келип, билимимди уланттым. Бул жерге, Түркияга жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы аркылуу тапшырууга болот. Түркия жылына 1000 окуучуга гранттык орундарды берет, Turkiye burslari аркылуу да тапшырса болот.

Учурда Румын-Америка университетинде (Romanian-American University) эл аралык бизнес финансы жана банктык иштер багыты боюнча окуп жатам. Мен 3 жылдын ичинде 3 университетте окудум. Биринчи жылы башка университетте окугам, экинчи жылы азыркы университетке которулдум. Үчүнчү жылы Германияга "Эразмус" программасы менен барып, жарым жыл окуп келдим. Европа мамлекеттеринин ортосунда "Эразмус" программасы бар, ал аркылуу жарым, бир жылга башка мамлекетте окуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул программа аркылуу билим алуу үчүн англис тилинен сынак тапшыруу шарт. Андан соң маектешүү болуп, студенттер тандалып жөнөтүлөт. Студенттерге 500 евро стипендия берилет.

Мен 1-курста иштеген жокмун, 2-курстан кийин гана Америкага барып, 3 ай иштеп, ал жакты кыдырып келдим. Американын визасын Европадан алуу жеңил болот экен. Азыр дипломдук иш жазып жаткандыктан иштеген жокмун. Кээде бул университеттен математика, бухгалтердик эсеп сабактарынан 1-курстун студенттерине сабак берип турам», - деди ал.

К.Жунушбеков Румыниядагы жашоо жана анын эли тууралуу ой бөлүштү.

«Эли жөнөкөй жана меймандос. Ар дайым шайыр жүрүшөт. Улутуна карап бөлүнүү тенденциясы жокко эсе. Румыния учурда 6,9% ИДП өнүгүүсү менен Европанын чемпиону болуп турат. Албетте бул өлкөнү батыш Европа менен салыштырууга болбойт. Бул жакта өндүрүш жакшы, экспорт көп, инвесторлор үчүн да жакшы шарттар түзүлгөн.

Жаратылышын Кыргызстанга салыштырам. Мисалы, Ысык-Көлдү сагынганда Кара деңизге барабыз. Ала-Тоону сагынганда Карпат тоолоруна шашабыз. Бул жактын өзгөчө архитектурасы адамды өзүнө тартып турат. Шаарлардын түзүлүшү, үйлөрдүн курулуш жолдору көңүлүңдү бурат. Өздөрүнүн улуттук тамагы аябай баркталат», - деди ал.

Ал жаңы келгенде ата-энесин сагынып, абдан куса болгонун белгиледи.

«Өзгөчө жаңы келгенде мекенге болгон сагынуу, ата-энеге, бир-туугандарыңа болгон сагынуу аябай күч болот экен. Кыйынчылык күндөр болбой койбойт. Бирок ушунча келгенден кийин баарын жеңе билүү керек экен. Азыр байланышуу абдан жеңил, бат-баттан телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Бирок баары бир сагынуу болот, жок дегенде ата-энемди бир кучактап алсам деп ойлойм. Жаңы келгенде тил билбегендигиме байланыштуу күлкүлүү окуяларга көп туш болдум. Келгениме эки күн болгондо дүкөнгө барып, нан алууга туура келди. Анда мен румынча 1 жана 3 сандарын гана билчүмүн. Сатуучуга барып, "3 нан анан 1 нан бересиңерби" десем кечке күлүп, колума 4 нан карматты. Ошентип бул жака келгенде «нан» деген сөздү биринчи үйрөнгөм», - деди ал.

К.Жунушбеков ар бир күндү пайдалуу өткөрүү абдан маанилүү экенин кошумчалады.

«Бир күнүмдү башка күнгө окшош кылып өткөрбөөгө аракет кылам. Ар бир күнүмдү жатаардан мурун пландап алам. Замандан артта калбаш үчүн күнүгө жаңы нерселерди үйрөнүүгө туура келет. Мурда кыла албайм деген нерселерим азыр көнүмүш адатка эле айланды. Бош убактарда китеп көп окууга аракет кылам. Ошол учурда технологиянын тилин да үйрөнөм. Максатым — дүйнөдөгү эң мыкты финансист болуу жана Кыргызстанды экономикалык көз карандысыздыктан чыгарып, маданиятыбызды жогорулатуу», - деди ал.

Ал төрт бир туугандын кичүүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
1
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3838
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×