Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 20.06.2018 13:18 Жаңыланды: 19.07.2018 09:12

Айыл турмушу: 80 жашында да ат минип, жайлоого чыккан Турган апа (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Липенка айылынын 80 жаштагы тургуну Турган Мырзакматова апа 41 жылдан бери мал багуу менен алектенет. Аймактык кабарчы кадырлуу карыя менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 18 жашында чабанга турмушка чыгып, ошондон бери мал багуу менен алектенет. Алыскы жайыттардын баарын жатка билерин жана малчылардын түйшүгүн жакшы түшүнөөрүн айтат. Алар Сары-Жоон, Туз суу, Салкын-Төр, Термелүү-Төр, Суук-Төр өндүү жайыттарга чыгып, мал багышкан.

«Жыл сайын ат, өгүз менен артынып, жайлоого көчүп келебиз. 8 баламды жайлоодогу боз үйдөн төрөп, чоңойттум. Казанга көмкөрмө нан бышырып, куурма чай, жарма жасайм. Айрым учурда ат минип, өзүм мал кайтарам. Аба ырайы тез өзгөрүп, жамгырга, карга калган күндөр көп эле болду. Мал-жандыкка бөрү баласы кол салып, карышкыр менен бет мандай кездешкен күндөр болгон», - дейт Турган апа.

Учурда Турган апа 80 жашка чыкса да ат минип, жайлоого чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×