Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 05.06.2018 08:51

Чолпон-Атадагы санаторийдин кайык станциясынан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы санаторийдин кайык станциясынан ири өлчөмдөгү баңгизат табылды. ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул фактынын бети Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Көмүскөдөгү жай» операциясын өткөрүү мезгилинде ачылган.

«Милиция кызматкерлеринин айтымында, аларга «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын кайык станциясында ири өлчөмдө баңгизаты мыйзамсыз сакталган деген ыкчам кабар түшкөн.
Бул маалымат боюнча аталган объектини текшерген учурда капка салынган, спецификалык жыты бар өсүмдүк табылган. Баңгизат 35 жаштагы жергиликтүү тургунга тиешелүү экендиги аныкталды.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган баңгизат марихуананын түрүнө киргени жана салмагы 30 киллограммды түзгөнү аныкталды. Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат ОИИБдин билдирүүсүндө.

Баңгизат менен кармалган адам Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×