Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Ысык-Көл

Карга буюгуп өлгөн иттер, уйлар, койлор: Ысык-Көлдө калың карда өлгөн малдын чыгымдары 20 млн сомдон ашты (фото)

Turmush -  23-майда түндө Ысык-Көл облусунда калың карда тоңуп өлгөн мал 26-28-май күндөрү беккари чуңкуруна санитардык эрежелерге ылайык көмүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, материалдык чыгымды аныктоо боюнча Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылып, актысы түзүлгөн:

Ысык-Көл району боюнча:

- кой – 2941 баш (10 587 600 сом);

- уй – 87 баш (2 610 000 сом);

- жылкы – 111 баш (4 440 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 17 637 600 сомду түзгөн.

Ак-Суу району боюнча:

- кой – 139 баш (692 000 сом);

- уй – 4 баш (80 000 сом);

- жылкы – 7 баш (295 000 сом).

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 1 067 000 сомду түзгөн.

Түп району боюнча:

- кой – 59 баш (236 000 сом).

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 236 000 сомду түзгөн.

Тоң району боюнча:

- кой – 240 баш (1 042 013 сом);

- уй –7 баш (280 000 сом);

- жылкы – 1 баш (65 000 сом).

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 1 387 080 сомду түзгөн.

Ысык-Көл облусу боюнча:

- кой – 3379 баш (12 557 613 сом);

- уй –98 баш (2 970 000 сом);

- жылкы – 119 баш (4 800 000 сом).

Жалпы облус боюнча келтирилген материалдык чыгым болжол менен 20 327 680 сомду түзгөн.

Окуя тууралуу:

23-майда түнкүсүн Ак-Суу районунун Шахта-Жыргалаң өрөөнүндө кар жааган.

«Кардын жаашы менен малчыларга кыйын болууда, себеби тоют эч кимде калбай калган», - дешкен жергиликтүүлөр.

Аким кандай маалымат берген?

25-майда Ысык-Көл районунда акими Данир Иманалиев калың кардын алдында 1017 кой жана 47 бодо мал калгандыгын кабарлаган.

Анын айтымында, Тору-Айгыр айыл округунда болжол менен кардын алдында 37 уй, 9 жылкы, 370 кой калган. Тамчы айыл округунда 400 баш кой, 4 уй жана 5 жылкы калды. Чоң-Сары-Ой айыл округунда 244 баш кой, 2 кулун калган. Ошондой эле, шамал 3 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.

«Жалпысынан калың кар алдында болжол менен 1017 кой, 42 уй жана 19 жылкы калган. Учурда өлгөн малдын саны такталууда. Биз ӨКМдин жардамы менен 3 үй-бүлөнү жайлоодон айылга алып келдик. Дагы бир үй-бүлө 600 баш койу менен жайлоодо калды, бирок жеринде атайын техника иштеп жатат. Малчылар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Буга чейин Тору-Айгыр айылында бир малчы жоголгондугу айтылып жаткан, бирок ал аман-эсен табылды», - деди аким.

Учурда тактоо иштери дагы жүрүп жатышат.

Буга чейин 24-май күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосунда 5 чабандын баардыгы болуп 112 койу жана 1 уйу өлгөндүгү маалымдалган.

Ошондой эле, Ысык-Көл районунун Тамчы айылында сууктан иттер да өлүп калган. Малчылар жазында мындай табигый кубулуш биринчи жолу болуп жатканын белгилешти.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2615
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×